2026-жылдын 21-апрелинде филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда Америка жана котормо таануу кафедрасы тарабынан «Котормочуларды учурдагы эмгек рыногунун талаптарын аныктоо жана изилдөө» илимий- практикалык семинар өткөрүлдү

2026-04-22 08:50:15 36

2026-жылдын 21-апрелинде филология жана маданияттар аралык коммуникация
институтунда Америка жана котормо таануу кафедрасы тарабынан «Котормочуларды учурдагы эмгек рыногунун талаптарын аныктоо жана изилдөө» илимий- практикалык семинар өткөрүлдү.
Иш-чарага окутуучулар, студенттер, бүтүрүүчүлөр жана ата-энелер катышып, стейкхолдерлердин ортосунда мазмундуу талкуу жүрдү.

Семинардын жүрүшүндө азыркы эмгек рыногунда котормочуларга коюлган талаптар, кесиптик компетенциялар, санариптик технологияларды колдонуу, ошондой эле адистерди даярдоодогу актуалдуу маселелер каралды. Катышуучулар өз ойлорун билдирип, практикалык сунуштарын беришти.

Жыйынтыгында билим берүү программаларын өркүндөтүү, практикага багытталган окутууну күчөтүү жана эмгек рыногу менен тыгыз байланыш түзүү зарылдыгы белгиленди.