23-апрель күнү Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунда
өтүп жаткан илимий жумалыктын алкагында Америка жана котормо таануу
кафедрасы тарабынан "Лингвистика" багытынын 4-курсунун бүтүрүүчү
студенттеринин бүтүрүүчү квалификациялык иштеринин алдын ала коргоосу
өткөрүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө бүтүрүүчү студенттер өздөрүнүн дипломдук иштерин
тааныштырып, изилдөөлөрүнүн актуалдуулугу, максаты, милдеттери жана алынган
жыйынтыктары боюнча кеңири маалымат беришти. Ар бир баяндама комиссия
мүчөлөрү тарабынан кунт коюу менен угулуп, тиешелүү суроолор берилип, илимий
жана практикалык багыттагы баалуу сунуш-пикирлер айтылды.
Алдын ала коргоо студенттер үчүн негизги коргоого даярдануунун маанилүү
баскычы болуп эсептелет. Бул этапта аныкталган кемчиликтерди жоюу жана
иштерди өркүндөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, студенттердин илимий даярдыгын
жогорулатууга өбөлгө болду.
Иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, студенттер өздөрүнүн илимий иштерин
ишенимдүү коргой алышты.