Илим жумалыгынын алкагында инновациялык семинар-тренинг өттү

2026-04-28 02:28:47 11

Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы тарабынан Илим жумалыгына жана белгилүү окумуштуу Сатканбай Момуналиевдин 75 жылдык мааракесине карата «Инновациялык лаборатория: Мектептеги кыргыз тили жана адабияты сабагы» аттуу илимий-усулдук семинар-тренинг уюштурулду. Иш-чарага окумуштуулар, колледж окутуучулары, мектеп мугалимдери жана бүтүрүүчү курстардын студенттери катышып, кыргыз тили менен адабиятын окутуунун заманбап усулдук моделдери менен инновациялык долбоорлорун талкуулашты.

Семинардын жүрүшүндө студенттер Марат кызы Айдай, Жумабек кызы Аксаамай, Тиленова Гүлназ, Абдрахманова Фатима, Сапарбаева Насиба жана Гүлнур Турдуева кыргыз тилин окутуунун санариптик ыкмалары боюнча илимий баяндамаларын жасап, атайын мастер-класстарды көрсөтүштү. Иш-чарага катышкан Ош шаарынын жана Ош облусунун мугалимдери жаш адистердин даярдыгына жогору баа берип, өз сунуш-пикирлерин ортого салышты. Ошондой эле улуттук тренер Зарина Абдышова текст менен иштөөнүн натыйжалуу жолдору боюнча өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Жыйынтыктоочу бөлүмдө окумуштуулар Гулина Жамгырчиева жана Курманжан Нармырзаева иш-чара максатына жеткенин белгилешсе, чакырылган коноктор Нурайым Байтикова жана Айнара Жороева мындай семинарларды аймактарда өткөрүү мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда маанилүү экенин баса белгилешти. Семинардын соңунда тийиштүү резолюция кабыл алынып, жигердүү катышуучуларга сертификаттар жана ыраазычылык каттар тапшырылды. Белгилей кетсек, Сатканбай Момуналиевдин 75 жылдыгына арналган негизги конференция май айына жылдырылганы менен, мааракелик иш-чаралардын алкагындагы илимий жолугушуулар план боюнча улантылмакчы.