2026-04-28 02:34:17 16
Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасында окуу-усулдук жана илимий иштердин натыйжалуу жыйынтыгы кафедранын жыйынында талкууланып, апрель айындагы аткарылган иштер эң мыкты деп бааланды. Айтсак, жаңы муундагы “Кыргыз тили” (эне тил жана экинчи тил катары) окуу китептерин жазуу боюнча авторлорду тандоочу экинчи республикалык сынактын жыйынтыгында кафедранын улук окутуучусу Асылкан Маматова автордук топко тандалып алынды. Ошондой эле кафедранын илимий потенциалы эл аралык деңгээлде тастыкталып, Зыйнат Раимбердиева, Бактыгүл Байтикова жана башка окумуштуулар менен авторлоштукта дүйнөлүк абройлуу Scopus базасындагы журналга макала жарыяланды. Ошондой эле, кафедра башчысы, доцент Бактыгүл Байтикова 1-квартилдеги (Q1) журналга жарыяланган илимий эмгеги үчүн окуу жайдын атайын акчалай сыйлыгы менен сыйланды.
Эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында доцент Бактыгүл Байтикова баштаган топ Өзбекстан Республикасынын Термиз мамлекеттик университетинин филология факультетинин жана Ташкент мамлекеттик медицина университетининТермиз филиалынын студенттерине, окутуучуларына конок-лекцияларды жана мастер-класстарды жогорку деңгээлде өткөрүп келишти. Мындан тышкары, кафедранын окутуучусу Нурила Заирова Баткен мамлекеттик университетинин Кызыл-Кыя филиалында конок-лекция өтсө, доцент Б. Байтикова ОшМУнун Айыл чарба колледжинин студенттери үчүн "Уңгужолду сактоо – келечектин пайдубалын түптөө" аттуу баяндамасын жасады.
Кафедранын кадрдык потенциалы да өзгөчө бааланып, институттун директору жана кафедра мүчөсү Олжобай Шаимкулов АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин ыраазычылык каты менен сыйланды.
Улук окутуучу Нурбек Жумаевдин жетекчилиги менен Манас шаарында өткөн ЖОЖдор аралык республикалык олимпиадага катышкан студенттер Заирбекова Луиза, Абдыкайымова Айсулуу жана Турдуева Гүлнур байгелүү 1, 3-орундарды багындырып, окуу жайдын намысын ийгиликтүү коргошту.
Филологиялык билим берүү технологиялары кафедрасы мындан ары да билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана илим менен практиканы айкалыштыруу багытында жигердүү иш алып бармакчы.