Академиялык мобилдүүлүк

2026-05-04 01:39:20 5

01.05.2026-ж. Ош мамлекеттик университетинин, Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун, Англис тилин окутуунун методикасы кафедрасынын мүчөлөрү п.и.к., улук окутуучу Сулайманова Г., улук окутуучу Косо Оглы С., окутуучу Мирзакматова О., Phd Жээнбекова Г., ф.и.к, доцент Суркеева Д.Б., филос.и.к. доцент Белекова К., улук окутуучулар Исмайилова А., Козубаева А., Маткасымова В. жана окутуучу Мурзакулова Ж. Өзбекстан республикасынын Наманган мамлекеттик Исхокхон Ибрат атындыгы Чет тилдер институтуна академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында иш сапарга барып келишти. Иш сапары учурунда АТОМ кафедрасынын окутуучулары студенттерге конок лекция жана методикалык воркшопторду эң жогорку денгээлде өтүп беришти. Ошондой эле аталган окуу жайдын студенттери активдүүлүгүн көрсөтө алышты. Бул иш чаранын аягында НИЧТИнин окуу иштери боюнча проректору проф. П. Лутфуллаев жолугушуу өткөрүп, эки окуу жайдын өкүлдөрү академиялык мобилдүүлүк программасынын перспективалары боюнча өз ойлору менен бөлүшүштү.