2026-05-14 04:52:39 12
2026-жылдын 1–2-май күндөрү Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун англис тили окутуучулары Бишкек шаарында өткөн “Empowering All Voices in English Language Education” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга активдүү катышышты. Конференция American University of Central Asia алдындагы Билим берүү институту жана KG TESOL тарабынан уюштурулду.
Иш-чара англис тилин окутуудагы заманбап усулдарды жайылтуу, билим берүү тармагындагы инновацияларды талкуулоо жана окутуучулардын кесиптик тажрыйба алмашуусун өнүктүрүү максатын көздөдү. Конференцияга өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген окутуучулар, мугалимдер, изилдөөчүлөр жана эл аралык эксперттер катышты.
Конференциянын алкагында англис тилин окутуунун жаңы тенденциялары, санариптик технологияларды колдонуу, инклюзивдүү билим берүү, академиялык жазуу жана критикалык ой жүгүртүүнү өнүктүрүү боюнча баяндамалар, мастер-класстар жана панелдик талкуулар өткөрүлдү.
Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун окутуучулары өздөрүнүн кесиптик билимдерин өркүндөтүп, эл аралык адистер менен тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай конференцияларга катышуу билим берүү сапатын жогорулатууга жана заманбап окутуу ыкмаларын практикага киргизүүгө өбөлгө түзөт.
Конференциянын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүү маселелери талкууланды.