ИЛИМ ЖАНА КЫЗМАТТАШТЫК: ОШМУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ АНДИЖАНДА

2026-05-15 04:21:16 17

Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары Н. Дамилова, Р. Бекмуратова жана Т. Ашировалар академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2026-жылдын 12-апрелинде Өзбекстан Республикасынын Андижан мамлекеттик педагогикалык институтунда өткөрүлгөн «Түрк элдеринин филологиясындагы фундаменталдык изилдөөлөр жана инновациялык билим берүү технологиялары А. Осмоновдун 111 жылдыгына карата» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышышты.
Илимий иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар түрк элдеринин филологиясы, заманбап билим берүү технологиялары жана кыргыз адабиятынын актуалдуу маселелери боюнча баяндамаларды жасап, тажрыйба алмашышты. Конференция илимий байланыштарды чыңдоого жана эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түздү. Ошондой эле кыргыз тили жана адабияты адистигинде билим алып жаткан студенттер үчүн конок лекциялар уюштурулуп, студенттер кыргыз тилинин өнүгүшү, адабияттагы жаңы багыттар жана илимий изилдөөлөр боюнча кызыктуу суроолорду беришип, активдүү талкуу жаралды.
Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, студенттер менен окутуучулардын ортосунда мазмундуу пикир алышуу болду. Иш-чаранын соңунда окуу жайдын жамааты жана студенттер келген конокторго ыраазычылык билдиришип, кызматташтыкты мындан ары да улантууга кызыкдар экендиктерин белгилешти. Катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылды.