2026-05-19 10:12:35 12
2026-жылдын 19-май күнү ОшМУнун ФжМАК институтунун Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын демилгеси менен “УЛУТТУК ДЕМ – ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК” уңгужолу жарлыгынын алкагында “Кыргыз улуттук баалуулуктары – элибиздин руханий мурасы” аттуу маданий-тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Куттуктоо сөзүн ОшМУнун мамлекеттик тил жана социалдык иштер боюнча проректору, п.и.к., доц. Шарипова М.С. сүйлөп, улуттук аң-сезимди калыптандырууда билим берүү мекемелеринин ролун белгиледи. Негизги баяндама ф.и.к., доц. Тургунбаева Б.Ж. тарабынан жасалып, кыргыз элинин асыл баалуулуктары тууралуу кеңири маалымат берилди. Иш-чарада студенттер улуттук бийлерди, көркөм окууларды, комуз күүлөрүн жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан сахналык көрүнүштөрдү тартуулашты.