2026-05-23 05:01:47 8
Үстүбүздөгү жылдын 21-майында академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары А.А. Акматова, Д.Б. Суркеева жана Р.А. Ысмаилова Өзбекстан мамлекеттик дүйнө тилдери университетине (ӨзМДТУ) иш сапары менен барышты. Сапардын алкагында биздин окутуучулар аталган окуу жайдын PhD докторанттары үчүн заманбап филологиянын актуалдуу маселелери, изилдөө методологиясы жана билим берүүдөгү алдыңкы тажрыйбалар тууралуу конок лекцияларын окушту. Эркин диалог форматында өткөн бул жолугушуу жаш илимпоздордун чоң кызыгуусун жаратып, ОшМУ менен ӨзМДТУнун ортосундагы эл аралык академиялык байланыштарды жана биргелешкен илимий долбоорлорду чыңдоого кезектеги салым болду.