Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өзгөчө майрамдык иш-чара

2026-06-01 10:24:22 70

2026-жылдын 1-июнунда Ош шаарынын эң белгилүү жана кооз эс алуу жайларынын бири болгон “Сайран” паркында 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата өзгөчө майрамдык иш-чара өттү.

Салтанатты ОшМУнун ФжМАК институтунун Чет тилдер бөлүмү атайын даярдалган программанын негизинде уюштурду. Иш-чарага сыйлуу коноктор — Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Исаматова Гульзат Тыныбековна жана ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич катышып, өсүп келе жаткан жаш муундарды майрамы менен чын жүрөктөн куттукташты. Алар балдарга жаркын маанай, бактылуу балалык жана кең келечек каалашты.
Программа толугу менен англис тилинде алып барылып, ар кандай интеллектуалдык викториналар, Дисней ырлары жана "Simon Says", "Treasure Hunt" сыяктуу кызыктуу интерактивдүү оюндар жаш балдарга абдан жагып, чоң кызыгууну жаратты. Иш-чаранын алкагында өткөрүлгөн "Chalk Art Festival" асфальтка мыкты сүрөт тартуу конкурсунун жеңүүчүлөрү кубаныч менен министр айымдын өз колунан баалуу белектерди алышты. Салтанаттын соңунда бардык активдүү катышуучуларга таттуулар, англис тилиндеги атайын стикерлер, шаардагы эс алуу парктарына белек сертификаттар жана тил борборлоруна акысыз катышуу мүмкүнчүлүгүн берген баалуу сертификаттар тапшырылып, балдар унутулгус майрамдык маанай менен кайтышты.