Илимий стажировка

2026-06-08 03:58:04 15

2026-жылдын 18-30-майында «Филология» багыты боюнча 3-курстун PhD докторанттары Келдибек кызы Кутбубу жана Самидинова Фазила Өзбекстан мамлекеттик дүйнөлук тилдер университетинде (ӨзМДТУ) илимий стажировкадан өтүп келишти. Стажировканын алкагында жаш окумуштуулар өздөрүнүн диссертациялык иштеринин темалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп, зарыл болгон илимий материалдар менен тааныша алышты. Бул илимий сапар ОшМУнун жаш изилдөөчүлөрүнүн кесиптик деңгээлин жогорулатууга, илимий натыйжаларын апробациялоого жана чет өлкөлүк алдыңкы окуу жайлар менен академиялык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.