Филология багытындагы докторанттар илимий даражаларды изденүүчүлөрдүн VII мектебине катышышты

2026-06-19 05:18:49 37

2026-жылдын 18-июнунда «532000 Филология» багыты боюнча PhD докторанттары илимий даражаларды изденүүчүлөрдүн (докторанттар жана аспиранттар) VII мектебинин ачылышына катышышты.
Бул масштабдуу иш-чара КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Жогорку аттестациялык комиссия (ЖАК) жана М. М. Адышев атындагы Ош технологиялык университети тарабынан уюштурулду.
Мектептин негизги максаты— жаш окумуштуулардын илимий-изилдөө иштеринин сапатын жогорулатуу, диссертациялык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын өздөштүрүү жана илимий байланыштарды кеңейтүү болуп саналат.