Сулайман-Тоо музейиндеги этнографиялык көргөзмөгө окуу-тажрыйбалык сапар

2026-11-19 07:36:51 4

2026-жылдын 18-ноябрында Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде этнографиялык көргөзмөнүн убактылуу көргөзмө залдарынын ачылышы болуп өттү. Аталган иш-чарага Ош мамлекеттик университетинин Чет тилдер факультетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын «Гид котормочу» сабагынан билим берген окутуучулары Абдиева Айжамал, Акимжанова Назира, Смадиярова Б.С. жана Маматураимова Г.Б. 2-курстун студенттери менен биргеликте катышышты. Сапардын негизги максаты — студенттердин теориялык билимдерин практикалык тажрыйба менен айкалыштыруу, алардын экскурсия жүргүзүү, тарыхый-маданий мурастар тууралуу маалымат берүү жана гид-котормочу катары кесиптик көндүмдөрүн өнүктүрүү болду. Көргөзмөнүн жүрүшүндө студенттер улуттук маданиятыбыздын тарыхы, каада-салттары жана баалуу тарыхый мурастары менен жакындан таанышып, экспонаттар тууралуу кызыктуу маалыматтарга ээ болушту. Мындай практикалык иш-чаралар студенттердин дүйнө таанымын кеңейтүү менен бирге, келечектеги кесиптик ишмердүүлүгүнө керектүү тажрыйбаларды өздөштүрүүсүнө чоң өбөлгө түзөт.