18-октябрь күнү Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусунун ачык сабагы өттү

2026-11-19 07:45:55 5

18-октябрь күнү Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу Мамат кызы Клара эжекебиздин ачык сабагы болуп өттү. Сабак заманбап педагогикалык технологиялардын негизинде, студенттердин активдүү катышуусу менен жогорку деңгээлде өттү. Клара эжеке өзүнүн илимий-усулдук чеберчилигин, кесипкөйлүгүн жана студенттерге болгон өзгөчө мамилесин көрсөтө алды. Ачык сабакка кафедранын окутуучулары катышып, сабактын мазмуну, уюштурулушу жана методикасы боюнча оң пикирлерин билдиришип, тажрыйба алмашышты. Мамат кызы Клара эжекеге илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүндө чоң ийгиликтерди каалайбыз!