«Сынчыл ой жүгүртүү» предмети боюнча ачык сабак өтүлдү

2026-11-23 05:32:03 5

2026-жылдын 20-ноябрында Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинин Америка жана котормо таануу кафедрасынын окутуучусу Матазимова Чолпонай «Сынчыл ой жүгүртүү» (Critical Thinking) предмети боюнча ачык сабак өткөрдү. Сабактын жүрүшүндө студенттердин сынчыл жана аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, маалыматты талдоого, фактыларды пикирлерден айырмалоого, өз көз карашын негиздеп айтууга багытталган интерактивдүү тапшырмалар жана практикалык көнүгүүлөр колдонулду. Ачык сабакта студенттер активдүү катышып, өз ойлорун эркин билдирүү, талкуу жүргүзүү жана ар кандай маселелерге негиздүү чечим табуу боюнча билимдерин жана көндүмдөрүн көрсөтүштү. Мындай ачык сабактар окутуунун сапатын жогорулатууга, заманбап педагогикалык технологияларды жайылтууга жана студенттердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.