ИЙРИМДЕГИ САБАКТАРДАН ИРМЕМДЕР
23.05.2024
"Илим-инновация" ийримине жана ОшМУнун студенттик клубуна кафедранын окутуучулары Зувайда Каразакова “Илимий тексттер менен иштөөнүн айрым ыкмалары”, Тунук Аширова “Илимий макала жазуудагы жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрү”, Жазгүл Максутова “Муундар жана алардын өзгөчөлүктөрү” деген темада семинар-тренинг өтүштү. Эжекелердин баалуу маалыматтары клубдун мүчөлөрүнө жугумдуу болуп, келечекте жаш илимпоздор чыгат деген ишеничтебиз.
КЕП АДЕБИ: КЕПТЕГИ КАТАЛАР
19.04.2024
Кезектеги семинар-тренинг кафедранын улук окутуучусу Гулзар Мамадиева тарабынан өтүлдү. "Кеп адеби. Кептик каталар" аталышындагы сабакка "Илим-инновация" ийриминин студенттери жана ОшМУнун студенттик клубунун ыктыярчылары катышты.
Баса, кызыктуу, керектүү сабактардын кербени аптанын жума күндөрү уланат.
ОРАТОРДУК ИСКУССТВО: ЛИДЕРДИК САПАТТЫ ЖОГОРУЛАТУУ
Тренинги кафедранин "Илим - инновации" ириминин студенттерина жана ОшМунун студенттик клубунун ыктыярчыларына өтүлдү.
Максаттуу жана жеткиликтү, жандуу сабак үчүн тренер Бермет Закировага жана уюштуруучу "Илим - инновация" ийриминин жетекчиси Жазгүл Максутовага ыраазычылык билдиребиз.
Катышуучулардын баалуу пикирлери сүрөттө берилди (акырында)
Баса, ушул сыяктуу семинар-тренингдер ОшМун студенческий клуб менен биргеликте аптанын жума күндөрү өтүлмөкчү. Андыктан кабардар болуп туруңуздар.