Кафедранын паспорту
Факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасы
Кафедранын девизи: Изденүү ийгиликке, ынтымак ырыскыга жеткирет
КАФЕДРАНЫН ПАСПОРТУ ЖАНА ПРОГРАММАСЫ
Кафедранын аталышы
|
Факультеттер аралык кыргыз тили
|
Кыскартылган аталышы
|
ФАКТ
|
Т үзүлгөн жылы
|
1990-жылы
|
Дисциплина
|
ГСЭ. Кесиптик кыргыз тили,
Тандоо курстары:
Академиялык окуу жана жазуу,
Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү;
Кесиптик иш кагаздары.
|
Кафедра башчысы
|
Каразакова Зувайда Жамиловна, педагогика илимдеринин
кандидаты, доцент
|
Катталуу картасы
|
УДК индекстери:81-13 (811.512.154)
КК01. Катталуу картасы
|
Профессордук-окутуучулук курамдын контингенти
|
Профессордук-окутуучулук курамдын жалпы саны -28.
Илимдин кандидаты, доценттер – 13;
Улук окутуучу – 7;
Окутуучу – 8.
|
Юридикалык дареги
|
723500, Кыргыз Республикасы, Ош шаары, Ленин көчөсү 331
|
Сайты
|
http://filolog.oshsu.kg/pages/page/8328
|
Электрондук дареги
|
edu@oshsu.kg
|
Кафедранын илимий багыты -
ЖОЖдордо кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутуунун жана
кыргыз адабияты курсун окутуунун теориялык-усулдук
негиздеринөркүндөтүү
Кафедранын максат-милдеттери:
· Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамын жана
Улуттук программанын максат-милдеттерин ишке ашыруу үчүн кеңири масштабдагы
иш-аракеттерди жүргүзүү;
· кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде окутуу жана кафедранын
илимий багыты, изилдөө проблемасы боюнча түрдүү иш-чараларды уюштуруу;
· кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде үйрөтүү-окутуу жана
кыргыз адабияты курсун окутуу боюнча окуу-көнүгүү китептерин, окуу
куралдарын, окуу-усулдук колдонмолорду, сөздүктөрдү, хрестоматияларды,
тексттер жыйнактарын иштеп чыгуу;
· чет элдик жана республиканын жогорку окуу жайлары жана
мектептери менен кыргыз тилин эне тили, экинчи тил, чет тили катары окутуу
жана кыргыз адабияты курсун окутуу багытында тыгыз кызматташтыкта иштешүү;
· окутуунун заманбап технологияларын өздөштүрүү, өндүрүшкө киргизүү
жана жайылтуу;
· кесипкөй адистерди даярдоого, сапаттуу билим берүү процессине
салым кошуу;
· профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын үзгүлтүксүз
жогорулатуу максатында өлкөдөгү, жакынкы жана алыскы мамлекеттердин окуу
жайлары менен кызматташтыкты күчөтүү жана тажрыйба алмашуу үчүн
ички-сырткы мобилдүүлүктү жигердүү ишке ашыруу, усулдук семинарларга,
тренингдерге байма-бай катышуу;
· ЖОЖдордо кыргыз тилин тутумдук-деңгээлдик негизде жана кыргыз
адабиятын окутууну өнүктүрүү багытындагы изилдөөлөрдү күчөтүү.