2018-12-21 10:29:32 249
2018-жылдын 15-декабрында, Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети тарабынан уюштурулган жашыл жумалыктын жыйынтыктоочу күнү болду. Бул күнү жарманкеден түшкөн каражатка Жапалак айыл өкмөтүнө караштуу Төлөнбаева Υмүт көчөсүнүн жашоочусу 3 уул, 1 кыздын энеси Кынайым эжеге жардам көрсөтүлдү. Бул күнгө чейин студенттер социалдык турмуш абалы начар болгон эженин үйүнөн кабар алып, кандай муктаждыктар бар экенин аныктап келишкен. Жарманкеден түшкөн каражатка 2-курстун активдери студкеӊештин төрагасы менен биргеликте күнүмдүк турмуш-тиричиликке керектелүүчү буюмдар, кийим-кече, тамак-аш азыктары, көмүр, ун, май жана балдар үчүн окуу-куралдар, оюнчуктарды алышып, окутуучулар менен биргеликте жеткирип келишти. Кынайым эжеке ОшМуга жана ДТМФтин жалпы жамаатына, студенттерине ыраазычылык билдирип, ден-соолук, ийгилик каалап кетти. On December 15, 2018, the final day of Go Green Week took place at the Faculty of World Languages and Cultures. On this day, second year students provided help to a woman from socially disadvantaged family, who lives in very bad conditions. Kynaim is the resident of Zhapalak village and is a single parent of three sons and one daughter. A week ago students visited her house and found out what was needed for her family. At the funds of the charity fair, second-year assets, along with the Chairman of the student committee, bought basic things for everyday life, as well as clothing, food, coal, flour, school supplies and toys, and together with teachers delivered all the stuff to her house. Kynaim thanked all the university staff and students for their help, and wished everyone health and success. 15 декабря 2018 года прошел заключительный день зеленой недели для студентов второго курса, проведенной преподавателями кафедры фонетики и грамматики английского языка факультета мировых языков и культур ОшГУ. В этот день на приобретенные средства была оказана помощь жительнице ул. Толонбаевой У. Жапалакского айыл окмоту Кынайым эже, матери трех сыновей и одной дочери. До этого студенты навещали эже и узнавали, что нужно для ее семьи. На средства благотворительной ярмарки, активы второго курса вместе с председателем студенческого комитета купили вещи первой необходимости для повседневной жизни, а также одежду, продукты питания, уголь, муку, школьные принадлежности и игрушки и вместе с преподавателями отнесли в дом малообеспеченной семьи Кынайым эже. Она, в свою очередь, поблагодарила состав факультета мировых языков и культур и студентов за помощь и пожелала всем здоровья и успехов.