2019-жылдын 11- январында ДТМФда орус филологиясы жана кыргыз филологиясы факультеттеринин 550300 “Филологиялык билим берүү» бакалавр багыты боюнча жумушчу топтордун жыйыны өткөрүлдү

2019-01-11 17:03:30 226

2019-жылдын 11- январында дүйнөлүк тилдер жана маданият факультети, орус филологиясы жана кыргыз филологиясы факультеттеринин 550300 “Филологиялык билим берүү» бакалавр багыты боюнча жумушчу топтордун жыйыны өткөрүлдү. ДТМФда болуп өткөн бул жыйында өздүк отчеттун даярдыгы боюнча талкуу болду. - Өздүк отчет боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы менен кабардар болуу; - Тейлөөчү кафедралардын күтүлүүчү натыйжаларынын ар түрдүү болуп жаткандыгы; Күтүлүүчү натыйжага жетүү үчүн компетенциялар үч факультеттин 550300 “Филологиялык билим берүү” программасында бирдей болуусу жана башка маселелер талкууланды, ошондой эле практиканын түрлөрүнүн күтүлүүчү натыйжалары талкууланды. Бул факультеттерде практика боюнча күтүлүүчү натыйжалар аннотациялар, компетенциялар иштелип чыгарылгандыгын талкуулашты жана толуктоолор киргизилди. Үч факультеттин жумушчу тобу бир жумадан соң өздүк отчетторун кайрадан талкуулоо боюнча жолугушууну белгилешти.