ДТМФнын англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу Токторова В.К. АКК-1-17 тайпасына кураттордук саат өттү

2019-03-20 13:22:40 383

“АРДАГЕРЛЕРБИЗ-университетибиздин куту! ОРТО МУУН-университетибиздин жүзү! ЖАШТАРЫБЫЗ-университетибиздин келечеги! СТУДЕНТТЕРИБИЗ- элдин эртеңи!” Профессор Исаков К.А. Жаштарга туура багыт берип, студент досторго инсандык баалуу сапаттарды калыптандыруу бүгүнкү замандын талабы! Мына ошол максатты ишке ашыруу үчүн ОшМУнун студенттерине ар жумада куратордук саат өтүлөт. ДТМФнын англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу Токторова В.К. тарабынан 2019-жылдын 16-март куну АКК-1-17 тайпасына өтүлдү. Тарбиялык сааттын максаты: -студент достордун коомдогу активдүүлүгүн жана кооздукка болгон табитин өнүктүрү; -кыргыз маданиятын чагылдыруу менен улуттук баалулуктарды сактоо; Куратордук саатын сыйлуу коноктору : англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын башчысы, доцент Акматова А.А., окуу иштери боюнча декандын орун басары, ф.и.к., Суркеева Д.Б., профсоюз уюмунун торайымы Тургунбаева Б.Ж. айтылган мааниси терең акыл-кеңештери, жагымдуу жылуу сөздөрү стундент досторго жана куратору В.К.Токторовага мотивация берди.