ДТМФнын англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын башчысы, доцент Акматова А.А. ачык лекция өткөрдү

2019-04-12 16:50:36 280

Үстүгүбүздөгү жылдын 10-апрелинде дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын башчысы, доцент Акматова А.А. 3-курстун студенттерине англис тилинин теориялык грамматикасы предмети боюнча ачык лекция өткөрдү. Лекциянын темасы грамматиканын бир бөлүгү болгон синтаксис боюнча “Жөнөкөй сүйлөм жана сүйлөм мүчөлөрү” деген тема болду. Лектор лекцияны окутуунун заманбап технологиялары жана методдорун колдонуу менен кызыктуу кылып өткөрдү б.а. дискуссия, тайпаларда иштөө, суроо жооп иштери менен студенттерди лекцияга абдан жакшы тарта алды. Лекцияга кафедранын усулчусу, улук окутуучу Эргешова Г.С., кафедранын доценттери Жороева А.М., Тешебаева А.Т. жана факультеттин окутуучулары катышышты. Ачык лекция кафедранын ачык сабактар планы боюнча өткөрүлдү.