2019-05-20 14:56:22 361
2019-жылдын 18- майында Ош МУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде Орто Азиядагы англис тил мугалимдеринин конференциясынын (CATEC 2019) уландысы OshTEC болуп өттү. Аталган конференцияны англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын улук окутуучусу Жээнбекова Чинара, англис тилинин адиси Хайди Демело уюштуруп кафедранын жамааты тарабынан колго алынды. Бул конференция Ош регионундагы англис тил мугалимдерин чогултту: Кызыл кыя, Алай, Өзгөн, Ноокат,Карасуу райондорунун мектеп мугалимдери, Ош шаарындагы университеттин мугалимдери менен биргеликте англис тилин окутуунун жаны, эффективдүү жолдорун талкуулашып, 21-кылымдагы тил үйрөтүү жана үйрөнүү көйгөйлөрүнүн чечүү жолдорун сунушташты. Конференцияны ДТМФнин деканы, доцент С. Ш. Калыгулова ачып берди, АКШ нан келген эки англис тил адиси Хайди Демело жана Грахам Дерри өз презентацияларын беришти, ошондой эле кафедранын окутуучулары Жээнбекова Чинара, Эргешова Гулбарчын, Исакова Миргул тарабынан да пайдалуу презентациялар сунушталды. Конференциянын алкагында атайын университет жана мектеп мугалимдерге материал тандалып берилди. Жалпысынан бул иш-чарага 80 мугалим катышып, тажрыйба алмаша алышты. May 18, 2019. OshTEC- A Follow up Activity of CATEC 2019. A follow up activity of CATEC named OshTEC " 21st Century Language Issues in Language Teaching and Learning" was organized by English Language Fellow Heidi Demello and OshSU Senior Instructor Chinara Zheenbekova on May 18, 2019 at OshSU, Faculty of World Languages and Cultures. The conference gathered 80 participants, school teachers from the rural areas: Alai, Kyzyl kiya, Uzgen, Nookat, Karasuu and University teachers of Osh. The event program started with the opening remarks of FWLC dean, docent Sabyrkul Kalygulova, ELF Heidi Demello, after, the audience enjoyed the presentation of the guest from Fergana, ELF Graham Derry. Three presentations and two workshops were given during the conference, those are: "Teaching Pronunciation " Graham Derry, Heidi Demello "Intertextuality: Reflecting on our Teaching Profession ", Gulbarchyn Ergeshova "Methods of Second Language Teaching"; workshops were conducted by Chinara Zheenbekova" "Affinity Mapping", Mirgul Isakova "The Six Principles for Exemplary Teaching of English Learners". The new ideas on founding KG TESOL Association were presented by Mukadas Tashieva, which had a great approval and support of participants. OshTEC united the teachers who are striving to improve teaching and learning English. We express our gratitude to American Embassy and Osh State University for the opportunity offered to us to share our experience.