Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенти Даниярова Сайкал КРнын президентинин стипендиясына татыктуу болду

2019-12-30 15:21:41 272

ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 4 АРБ-1-16 тайпасынын студенти Даниярова Сайкал окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкен ийгиликтери менен КРнын президентинин стипендиясына татыктуу болду. 25-декабрь, 2019-жылы президенттик резиденцияда КРнын президенти С.Ш.Жээнбеков сертификатты өз колу менен Даниярова Сайкалга тапшырды. Биз, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин жамааты Сайкалдын ийгилигине кошкон салымыбыз үчүн сыймыктанабыз жана Сайкалдын келечекте чоң-чоң ийгиликтерди жаратып, мыкты адис болушуна ишенебиз!