Кел Ноорузум!

2020-03-16 16:20:49 238

Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында ДТМФнын англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучусу Ташиева Нуржамал АРК-3-19 тайпасына “Кел Ноорузум” деген темада куратордук ачык сабак өттү. Нооруз майрамынын тарыхы, сүмөлөктүн келип чыгыш тарыхы, улуттук кийимдердин жаш өзгөчөлүгүнө карап кийинүүсү талкууланып, ыр, бий менен аяктады. Куратордук сабакка факультеттин тарбиялык иштер боюнча орун басары С.Абдыкадырова жана кафедранын окутуучулары катышып, мыкты денгээлде болуп өткөнүн белгилешти. Куратордук сабак өз максатына жетти.