Маданияттуулук - улут кузгусу

2014-12-13 13:23:13 492

«МАДАНИЯТТУУЛУК - УЛУТТУН КҮЗГҮСҮ, АДАМ КӨРКҮ» ОшМУнун чет тилдер факультетинин «Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы» кафедрасынын окутуучулары тарабынан уюштурулган «Маданияттуулук - улуттун күзгүсү, адам көркү» деген темада тарбиялык кече өткөрүлдү. Албетте маданияттуу адам жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, кийген кийими менен ошол улуттун жүзүн көрсөтүп турат, ал эми маданияттуулук ошол адамдын көркү. Кайсы элдин маданияты күчтүү өнүксө, ошол элдин мамлекеттик туткасы бекем болот. Ар бир адам өзүн маданияттуу алып жүрүүсү коомго кошкон салымы болот эмеспи. Адамдардын өз ара мамиле маданияты, жүрүм-туруму өзгөчө мааниге ээ. Демек, ар бир элди өзүнчө эл, өзүнчө улут кылып сактап турган каада-салттары, үрп-адаттары, нарк-насили, башкача айтканда, рухий байлыктары бар. Алар коомдун өзөгүн түзөт. Өзүн сыйлап, өзүн урматтаган элде улуттук сыймык сезими болот. Азыркы муундун көпчүлүгү, өзгөчө шаар тургундары кыргыз элинин маданиятын, нукура улуттук каада-салттарды билбей калышты. элди айтылуу орус революционер-демократы, окумуштуу, жазуучу, сынчы Н.Г.Чернышевский "Пролог" деген романында "Шордуу улут - кулдардын өлкөсү, баштан аягына чейин баары кулдар" деп каңырыгын түтөтө жазганы бекеринен эместир. Өзүн өзү таанып, өз улутунун маданиятына сыймыктана билген адам, башкалардын маданиятын да сыйлап, жакшы жактарын сиңирип алат. Бүгүн кыргыз элин батыш маданиятына адам укугун коргоо шылтоосу менен ашкере ыктатып өнүктүрө албайбыз. Кыргыз элинин менталитетин, башкача айтканда өзүнүн үй-бүлөлүк тарбиясын, тарыхын, философиясын, рухий дөөлөттөрүн, салт-санааларын калыбына келтирип, "Манасты" мыкты үйрөнгөндө, нукура кыргыз маданиятын терең түшүнгөндө гана кыргыз эли өнүгүү жолуна түшөт. Ошондуктан тарбиялык кеченин максаты жаштарды таалим-тарбияга чакыруу болуп төмөндөгүдөй темаларды камтыды: • студенттердин кийинүү этикасын сактоо; • улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөтүү; • уюлдук телефонду туура пайдалануу; • студенттерди толеранттуулукка үндөө. Бүгүн глобалдашуу процесси активдүү жүрүп жаткан учурда кыргыз элинин кылымдан бери калыптанып келе жаткан каада-салтын, рухий жана маданий дөөлөттөрүбүздү баалап сактоодо жаштарды тарбиялоо маселесинде өтө жогорку денгээлде маани берип, мамиле жасоо максатында жаштар менен ийри отуруп түз кенешүү сунушун киргизген кафедранын башчысы, доцент Акматова Айниса Абдибаитовна бул кечеге чон салымын кошуп кеп кенештерин берди жана 1-2-курстун кураторлору демилгени колдоп беришти. Өз убакыттарын жана иш аракеттерин жаштарга билим берүүгө жана тарбиялоого арнап келген агай-эжелер тарбиялык кечеге чакырылып, келип күбө болуп кетишти. Aтап кетсек, ОшМУнун кадрлар бөлүмүнүн башчысы, химия илимдеринин кандидаты, профессор Турдубаева Г.Т., Америка таануу жана котормо кафедрасынын доценти Алымкулова С.Б., немец тили кафедрасынын улук окутуучусу Нуржанова Б., ЧТФдагы магистратура бөлүмүнүн башчысы Рахимбаева Г.А., немец тили кафедрасынын башчысы, ф.и.к. доцент Кабылов Т.Б., ЧТФнын декандын окуу иштери боюнча орун басары Сагындыкова Р.Ж., америка таануу жана котормо кафедрасынын башчысы ф.и.к. доцент Аипова Г.Б. жана башка окутуучулар катышышты. Жашоого жол көрсөтүп багыт берген, Талыкпас акыл эмгек, сөзү менен. Билимден бийиктикти урмат-сыйды, Табышкан ак эгектен мандай терден Тарбиялык кечеге 1 жана 2 курстун студенттери катышышып, кеченин жүрүшүндө студенттер ар түрдүү иш аракеттери көрсөтүшүп беришти. «Сахнанын көркү ажары Кымча бел кыргыз кыздары Бийлесе сонун жарашкан Суктанып бары карашкан Ийилип сонун бийлесе Кыздары сонун кыргыздын Кыргыздын атын чыгарган Бийи сонун кыргыздын» - демекчи кыргыз бийи менен ачып беришти. “Кенеш кылсаң түз же билимдүү кишилер менен кыл”. “Ак сөз арыбайт, ак жүргөн киши карыбайт”. “Азаматтын белгиси көбүрөөк ойлоп аз сүйлөйт” жана Маданияттуулук деген эмне ?- экендигин студенттер кара сөздөр, ыр саптар, макал-лакаптар жана накыл сөздөр менен айтып аудиторияга түшүнүк берип өтүштү. «Улууга урмат, кичүүгө ызат» темасында студенттер адамга аябай чон таасир калтырган сахналык көрүнүш аткарышты. «Адамдын келбети,кийими гана сулуу болбостон, анын ички дүйнөсү, ойлору да сулуу болушу керек» -деп орус жазуучусу А П Чехов айткандай, студенттер факультетте, көчөдө жана башка чөйрөлөрдө кандай кийинүү керек экендигин сахналык көрүнүш жана слайд-шоу менен көрсөтүп беришти. Кыргыз элинин келечеги – анын философиясында (макал-лакап ж. б.), музыкасында, оймо- чиймелеринде, каада-салттарында жана тилинде. Аларда акыл катылып жатат, ушуларды терең үйрөнгөндө гана жаштар акылга каныгат, улуттук аң-сезими ойгонот, өнүгүп-өсөт деген жыйынтык менен кечени жыйынтыктадык. Тилди, каада – салтты сактаганда, тарбияны, бир сөз менен айтканда маданиятты өнүктүрүү менен гана элди, мамлекетти сактап калабыз.