“Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө” карата чет тилдер факультетинде фестиваль өткөрүлдү.

2014-02-20 14:46:11 267

17-февралда “Бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө” карата чет тилдер факультетинде фестиваль өткөрүлдү. Фестивалда АКШ, Улуу Британия, Германия жана Франция өлкөлөрүнүн тилин үйрөнүп жаткан студенттер ошол тилдерде ырдап, бийлешип жана ошол өлкөлөрдүн маданиятын чагылдырган сахна көрүнүштөрүн аткарып беришти. Бул фестивалды өткөрүүнүн максаты - факультетибизде окуган ар бир студент өз тилин билүү менен бир катар башка чет тилдерине кызыгууга, ошол тилдин, өлкөнүн маданиятын терең үйрөнүүгө жол ачуу жана чет тилдеринде эркин сүйлөөгө, ыр, бийге болгон шыктарын арттырууга өбөлгө түзүү.