Магистратура ДТжМФ

2021-11-30 09:23:41 230

1. 2021-жылдын 29-октябрында факультеттин 70 жылдык юбилейине арналган конференцияда магистранттар көргөзмө уюштурууга көмөктөшүп, программаларды презентациялашты. Конференцияда магстранттар илимий жетекчилери менен биргеликте баяндамаларды жасашты. Мисалга алсак, Сайпидин кызы Айзирек, “ Англис жана кыргыз тилдериндеги кыймылды туюндурган этиштерди изилдөөнүн теориялык өбөлгөлөрү”, Аскарбекова Сагынгул “Силлабус как средство организации самостоятельной деятельность” ж.б. 2. Магистранттардын академиялык мобилдүүлүгү быйылкы окуу жылынан жанданууда. 2- семестриндеги окууга ФОИ-1-21 магистранты Турдуева Нуржамал Эрасмуз+ программасынын алкагында конкурска катышып, Испаниядагы Кадиз университетине мобилдүүлүк программасына жолдомо алды. ФОИ-2-21 тайпасынын магистранты Назарбек уулу Жылдызбек 2021-жылдын октябрь айында Япониянын Токио шаарында бизнесмен япондордун чакыруусу менен тил багытында заманбап усулдар, япон жана кыргыз тилдериндеги мультфильмдерди дубляж кылуу боюнча атайын курстан өтүп келди. Азыркы учурда тил курстарын ачуу жана фильмдерди которуу боюнча пландарды ишке ашырууда. 3. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 20-ноябрдагы №2-окумуштуулар кеңешинде 2021-2022 окуу жылына карата магистердик иштердин темасын окумуштуулар кеңешинин чечими менен бекитилди. 4. 2021-жылдын 27-ноябрында 2- курстун магистранттары менен илимий-изилдөө практикасы боюнча багыттоочу конференция болуп өттү. Конференцияда практикадагы күтүлүүчү натыйжалар, калыптануучу компетенциялар жана практиканын талаптары боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле илимий жетекчилер жана магистранттар практикада кездешүүчү маселелер жана аны чечүүнүн жолдору боюнча ойлорун билдиришти. Конференция ийгиликтүү аяктады.