ДТжМФ (магистратура)

2021-12-13 09:40:45 216

1. Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин магистратура бөлүмүндөгү “Филологиялык билим берүү” жана “Филология” багытындагы 1-курстун магистранттары менен программа жетекчилери катышкан педагогикалык практикасына багыттоочу конференция болуп өттү. Конференцияда практиканын күтүлүүчү натыйжалары, калыптануучу компетенциялар, талаптары, милдеттери жана аткарылуучу документ иштери боюнча маалымат берилди. 2. 2021-жылдын 7-декабрында ОшМУнун магистратура жана докторантура уюштурган конференцияда магистранттар пленардык бөлүмгө активдүү катышышып, 2-курстун магистранттары “Филология жана педагогикалык илимдер” секциясында макала окушуп, баяндамаларды жасашты.