Frühlingsfest

2015-04-01 17:24:19 254

2015-жылдын 1-апрелинде саат 9.00 дөн 17.00 гө чейин чет тилдер факультетинде жаз майрамы (немисче Frühlingsfest) белгиленди. Бул майрамдын уюштуруучулары Германиядан келген волонтерлор Ксалесса Вольф, Доротеа Шиндлер жана Кристина Бликманн болушту. Тил үйрөнүү жана немис программалары борборунун жетекчиси М. Усманова жетекчилик кылган бул майрамга немис тили кафедрасынын окутуучулар жамааты активдүү катышышты. Бул майрамга ОшМУдан 25 студент, ОшКУУдан 5 студент катышты. Печенье жасоо, «Ostern» майрамынын символикаларын жасалгалоо, жумуртканы ар кандай түскө боёо, немис тилиндеги ырларды жаттоо, ушул тилде кыскача аңгеме жазуу ж.б. нерселер бул майрамдын максатын түздү. Майрамдын уюштуруучулары жөн гана ыр ырдап, бий бийлегенди эле үйрөтпөстөн, кандайдыр бир пайдалуу нерсени жасап үйрөтүүгө басым кылышкандыгы көрүнүп турду. Катышуучулардын айтуусунда, бул майрам абдан кызыктуу жана эстен калгыс нукта өттү.