21- март ДТжМТ Нооруз

2022-03-20 03:16:00 125

"Нооруз" - байыркы фарс тилинин "науризи" деген сөзүнөн алынып, кыргыз тилинде "нау" – “жаңы”, "рузи" – “күн” деген маанини билдирет. Майрамдоого уруксат 1988-жылы гана берилген. Бирок Кыргызстан бул майрамды жыл сайын белгилөөгө эгемендүүлүк алганда гана жетишкен. "Нооруз" - "жыл башы", "жаңы жылдын башы" майрамы. Ал эски жыл эсеби боюнча 21-мартта белгиленет. Мүчөл эсеби мына ушул күнгө туура келет. Бул күнү күн менен түн теңелет. Кыргыз элинде эски жыл аяктап, эртен жаңы жыл деген күнү өткөрүлүүчү ырым-жырым салты "жыл ажыраш" деп аталган. Бул учурда арча, чекенди, адырашман түтөтүп алас айтылат: Алас, алас, Ар балээден калас, Эски жыл кетти, Жаңы жыл келди. Алас, алас, Айдан аман, Бул кыргыздын майрамын ДТжМФ аябай кызуу белгилеп отту. Факультеттен студент кыз-жигиттер арасында сармерден откозулуп,жалпы окутуучулардын Жана студент достордун,кыргыз каада салтына,маданиятына болгон кызыгуусун арттырды. Конкурста женуучуну аныктоо учун атайын калыстар тобу шайланып,женуучу топко 1000 сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.Мында кыз-жигиттер бири-биринен кем калышпай,макалдарды,жанылмачтарды тандай такшалта жандырып,эки команда бирдей баа алып,эки командага бирдей сыйлык ыйгарылды.