Стипендия тапшыруу аземи.

2022-11-22 15:43:00 98

2022-жылдын 19-ноябрь күнү Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин ЧАЗында корей тили багытында окуган студенттерге стипендия тапшыруу жана мектеп окуучулар үчүн профориентацияга арналган азем болуп өттү. Бул иш чарага Бишкектеги Түштүк Корея Билим берүү борборунун директору Ким Де Гван, факультеттин деканы доцент Р.Ж. Сагындыкова, Корей тилинин окутуучулары, студенттери, мектеп мугалимдери жана окуучулары катышты. Түштүк Корея мамлекетинин элчилиги тарабынан уюштурулган студенттерге колдоо көрсөтүү максатында 1-курстун студенттерине ЖРТ баллына жана 2-курстун студенттерине сессияда алган бааларына жараша 100- 450 долларга чейин стипендия ыйгарды. Иш-чарада корей тили багытында аткарылып жаткан жумуштар боюнча окутуучулар Кан Джион, Кок Сью тарабынан презентациялар жасалып, корей тилин даңазалоо максатында концерттик программа жана мектеп окуучуларына корей даамдары менен фуршет уюштурулду.