“Чыңгыз Айтматов ааламдын жүзү” жана “А.Осмоновду эскерүү”

2022-12-16 00:05:45 100

2022-жылдын 15-декабрында Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин ЧАЗында “Чыңгыз Айтматов ааламдын жүзү” жана “А.Осмоновду эскерүү” атуу Акыл таймаш 1-курстардын арасында болуп өттү.Бул таймаштын максаты студенттердин изилденүүсүн,китепке болгон талпынышын ойготот жана дилгир,шамдагай болууга жардам берет.Ага Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин декандын тарбия иштери боюнча орун басары А.Э.Карабекова жана факультеттин жаштар кеңешинин төрайымы С.Нурматова катышты. 1-курстардын ичинен 10 команда катышып,өздөрүнүн шамдагайлыгын көрсөтүштү жана 3 мыкты команда грамоталар менен сыйланышты. Алар: 1-орун АКК-3-22 группасынан “Адабият”командасы 2-орун АПК-1-22 группасынан “Биримдик” командасы 3-орун АРБ-1-22(б) группасынан “Делбирим” командасы.