@DuishonShamatov ОшМУнун ардактуу профессору болду.

2023-01-05 15:46:34 83

Кыргыз илим-билимине, ОшМУнун кадыр-баркынын жогорулашына кошкон салымы үчүн, окуу жайдын окумуштуулар кеңешинин чечими менен Казакстандагы Н.Назарбаев университенинин профессору Дүйшөн Шаматовго “ОшМУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. Сыйлоо аземинде “Университеттин аброю, эл аралык рейтингге кирүүсү, сапаттык көрсөткүчү анын бүтүрүүчүлөрү менен аныкталат. Азыр сиз бүтүндөй өлкөнүн сыймыгына айландыңыз. Бирок, сиз эң ириде ОшМУнун сыймыгысыз. Анткени илимге болгон эң алгачкы кадамыңыз ушул кутту окуу жайдан башталган. Чыныгы атуул, сыймыктуу бүтүрүүчү катары ОшМУ тууралуу ар дайым жакшы кеп айтып, тыгыз кызматташып келесиз. Сиздин баскан жолуңузга суктанып, шыктанып жүргөн жаштарыбыз арбын”,-деди ОшМУнун ректору Кубайберди Кожобеков. Сыйлоо аземинен кийин Дүйшөн Шаматов "Заманбап изилдөө усулдары жана изилдөө этикасы" деген темада ОшМУнун жамаатына семинар өттү. Д.Шаматов Ош мамлекеттик университетин чет тилдер факультетин 1993-жылы бүтүргөн. Казакстандагы Н.Назарбаев университенинин профессору, билим берүү тармагы боюнча эксперт, илим изилдөө усулдарынын адиси, бир нече илимий жана публицистикалык эмгектердин автору.