Корпустук лингвистика жана англис, кыргыз тилдерин изилдөөдө жана окутууда табигый тилди иштетүү

2023-02-10 09:50:58 106

09.02.2023 Ош мамлекеттик университетинин Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Америка жана Котормо таануу кафедрасы Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен биргеликте окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана мындан ары өз ара кызматташтыкты бекемдөө максатында «Корпустук лингвистика жана англис, кыргыз тилдерин изилдөөдө жана окутууда табигый тилди иштетүү» аттуу семинар уюштурду. Бул семинарды Кыргыз-Түрк «Манас» университетинен филология илимдеринин доктору, доцент Джумалиева Гульнура Кабылбековна, филология илимдеринин кандидаты, доцент Касиева Аида Аскарбековна өтүп беришти. Семинардын жүрүшүндө кыргыз, орус, англис тилдеринин корпусу тууралуу талкуулашты.