“Thanksgiving Day”

2023-11-27 07:17:05 52

23-ноябрь күнү дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде 1-курстар арасында “Thanks giving day”майрамына карата тамак аштардын жарманкеси болуп өттү.Иш чаранын максаты: -АКШда “Thanksgiving Day”күнүн белгилөөнүн өзгөчөлүктөрүн изилдөө аркылуу студенттерди англис тилдүү өлкөлөрдүн маданиятына жана салттарына болгон кызыгуусун өнүктүрүү; - студенттердин чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүктөрүн өнүктүрүү.Майрамга карата студенттер тамак аштарды даярдашты,дубал газеталар чыгарылды жана студенттердин өз колу менен жасалган кийимдердин көргөзмөсү болуп өттү.Жарманкеден түшкөн акча Ош шаарындагы “Боорукердик үйүнө” студенттер тамак аш,кийим кече алып барышты.