ААЛАМ ГЕНИЙИ – АЙТМАТОВ

2023-12-14 06:48:32 51

12.12.2023 ААЛАМ ГЕНИЙИ – АЙТМАТОВ Заманыбыздын залкары Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарыяланган 3 айлыктын алкагына жана 12-декабрь - Улуттук адабият күнүнө карата ОшМУнун дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде "Аалам генийи – Айтматов" аттуу адабий-музыкалык кече болуп өттү. Факультеттин деканы, доцент Р.Сагындыкова, факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын башчысы, доцент З.Каразакова, программа жетекчилери, доценттер Б.Тургунбаева, Г.Аипова, декандын тарбиялык иштери боюнча орун басары Э.Карабекова адабий кеченин жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, уюштуруучулар Н.Караевага, Т.Ашировага, Э.Баатырбековага, кураторлорго, китепканачыларга, таланттуу студенттерге ыраазычылык билдиришти. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттер белгиленди. Китепканачылар К.Кудайбердиева жана анын жамааты Ч.Айтматовдун китептеринин көргөзмөсүн уюштуруп, жалпы студенттерди китеп окууга чакырышты.