NATIONAL INSTITUTE FOR INTERNATIONAL EDUCATION(NIIED)

2024-01-18 08:02:29 56

Ош мамлекеттик университетинин дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин деканы ,доцент Сагындыкова Рахат Жумабаевна, аталган факультеттин эл аралык байланыштар боюнча координатору Эргешова Нурзада Тагаевна, корей тили окутуучусу, Кореянын корей тили окутуучуларынын уюму NATIONAL INSTITUTE FOR INTERNATIONAL EDUCATION(NIIED) , ОшМУнун волонтер - окутуучулары Конг Ёнг Сук , Пак Пень Гван, волонтёр -котормочу Жакыпбек кызы Минура биргеликте ОшМУнун эл аралык байланыштар боюнча проректору Аттокуров Курсантбек Шарабидинович менен жолугушту. Жолугушуу учурунда проректор ОшМУнун эл аралык байланыштар боюнча мүмкүнчүлүктөрү, академиялык программалар жана чет элдик партнёр университеттер менен мамилени оптималдаштырууга негизделген стратегиялык пландар менен кыскача тааныштырып өттү. Корей тилин ОшМУнун студенттерине жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө университет тарабынан колдоого даярдыгын жана кийинки окуу жылына биринчи курска кабыл алууну күчөтүү максатында азырдан баштап киришүүнун баштапкы жолу корей тилин жарыялоону күчөтүү деп белгиледи.