Студенттик кеңеши жана акыйкатчы аппаратынын мүчөлөрү менен ДТжМФтин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Карабекова Элмира Аликуловна менен болгон чогулуш болуп өттү.

2024-02-10 08:39:36 57

7-февраль Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттик кеңеши жана акыйкатчы аппаратынын мүчөлөрү менен ДТжМФтин тарбия иштери боюнча декандын орун басары Карабекова Элмира Аликуловна менен болгон чогулуш болуп өттү. Бул чогулушта аткарылып жаткан иш-чаралар,окуудагы жетишкендиктер,сессия жана алдыдагы болуучу иштер боюнча сөз болду. Студенттик кеңешке жана акыйкатчы аппаратына жаңыдан волонтерлор кошулду. Аларга өз иштерин алып баруу,алардын милдеттери,укуктары боюнча маалымат берилди.