Чет тилдер факультетинде илимий семинар-тренинг уюштурулду.

2015-11-25 11:13:58 226

Үстүбүздөгү жылдын 18-ноябрында Чет тилдер факультетинде “Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы” деген темада илимий семинар-тренинг болуп өттү. Бул семинарга илимий изилдөө менен алектенген жаш окутуучулар жана магистранттар катышты. Семинарда илимий-изилдөө иш-аракеттерин уюштуруу, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнүн негизги этаптары, илимий макаланы даярдоо, магистрдик илимий-изилдөө иштери ж.б. маселелер боюнча илимий иштер боюнча проректор, б.и.д., профессор Т. Т. Жумабаева жана Илим жана аспирантура бөлүмүнүн башчысы, ф.-м.и.к., доцент Г. М. Анарбаевалар тарабынан баяндамалар жасалды. Семинар өз ишин жемиштүү аяктап, катышуучулар тарабынан суроолор жана жооптор берилип, мындай семинарларды улантуу маселелери да козголду. Бул иш чара ОшМУда белгиленген “Ноябрь-илим айлыгынын” алкагында өттү.