ЧТФнын студенттери ОшМУда өткөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык илимий конференцияда

2015-11-25 14:08:09 247

Чет тилдер факультетинин студенттери 2015-жылдын 20-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата өткөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу аймактык студенттик илимий конференцияга активдүү катышышты. Өздөрүнүн түрдүү темаларда даярдаган кызыктуу докладдары менен чыгышып, секциялардын ишинде кызуу дискуссия жаралды. Конференциянын жыйынтыгында мыкты баяндама жасаган студенттерге дипломдор ыйгарылды. ЧТФнын студенттери атап айтсак, Торобай кызы Зарина, Муктарова Курманжан (4АРК2) жана Русина Татьяна ОшМУнун I жана III даражадагы Ардак грамоталарына жана бир Дипломго ээ болуп кайтышты. Студенттерибиздин мындан ары да илимий изилдөөлөрүндө ийгиликтер каалайбыз.