«Үркүн»

2016-02-24 18:12:00 269

Бугун, 24-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жыл “Тарых жана маданият жылы”- деген жарлыгынын алкагында ОшМУнун чет тилдер факультетинде «Үркүн» трагедиясынын 100 жылдыгына арналган семинар болуп өттү. Семинарды филология илимдеринин кандидаты, доцент Кабылов Т. Б. алып барды. Мында ушул трагедиянын тарыхтагы орду талкууланып, Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий бай мурастарын мындан ары арттыруу, улуттар аралык биримдикти бекемдөөгө байланышкан ой-пикирлер айтылды.