“Кыргызстанымдын желеги- жүрөгүмдө желбирейт”

2016-03-03 15:00:11 254

Тарых жана маданият жылына, 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желеги кабыл алынган күнүнө карата “Кыргызстанымдын желеги- жүрөгүмдө желбирейт” менкенчилдик иш-чарасы Чет тилдер факультетинде 3-март күнү эрте мененки саат 08:00дөн 08:30га чейин окуу имаратынын киреберишинде үч жигит килем үстүндө Кыргыз Республикасынын желегин көтөрүп турушту. Саат 08:20да Чет тилдер факультетинин деканы, ф.и.к., доцент С. Ш. Калыгулова салтанаттуу жыйынды ачты. Кыргыз Республикасынын желеги жөнүндө кыскача тарыхый-философиялык баяндаманы факультеттин деканы жасап, студенттерди жана окутуучуларды куттуктады. Андан соң Кыргыз Республикасынын гимни хор менен ырдалып, Кыргыз Республикасынын желегине таазим кылышкандан соң имаратка киришти.