“Тарых жана маданият –улут жүзү”

2016-04-04 16:56:57 301

      2016-жылдын 1-апрелинде чет тилдер факультетинде англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын жалпы окутуучуларынын уюштуруусу менен тарых жана маданият жылына карата “Тарых жана маданият –улут жүзү” аттуу иш-чара болур өттү.Тарыхыбыз жана маданиятыбыз кыргыз улутунун жүзү. Анткени тарыхтын жана маданияттын унутулуп бара жаткан баалуулуктарын, маданий жана материалдык мурастарын калыбына келтирүү менен тарыхыбызды жана маданиятыбызды андан ары өнүктүрүүгө болот. Карт тарыхтын эчен кылымдардагы барактарында бир нече ирет далилденгендей калктын жалпы маданиятын, рухий дүйнөсүн байытпай туруп, мамлекеттин экономикасын, социалдык- маданий абалын жогорулатууга мүмкүн эмес. Ал эми маданият өнүкмөйүнчө өлкөнүн өнүгүшү кыйын, ар кандай эл маданияты, үрп-адаты, рухий байлыктары менен дүйнөгө таанылат эмеспи. Тарбиялык кечебиз тарыхый жана маданий болуп эки бөлүктөн турду. Анын максаты:жаштарды таалим тарбияга чакыруу болуп төмөндөгүдөй темаларды камтыды: · жаштардын мекенчилдик сезимдерин ойготуу · тарыхты жана маданиятты мыкты өздөштүрүү · рухий дөөлөтөрүбүздү сактоо · студенттерди толеранттуулукка үндөө · улууга урмат кичүүгө ызат көрсөтүү Бүгүн глобалдашуу жүрүп жаткан учурда кыргыз элинин кылымдан калыптанып келе жаткан каада-салтын,рухий жана маданий дөөлөттөрүбүздү баалап сактоодо жаштарды тарбиялоо маселесине өтө жогорку дэңгээлде маани берип, мамиле жасоо максатында,тарбиялык кечени уюштурууда кафедранын башчысы,доцент Акматова Айниса Абдибаитовна чоң салымын кошуп ,кеп кеңештерин берди жана 1-2 –курстардын кураторлору демилгени колдоп беришти. Тарбилык кече алгач КРдин гимни менен башталып,жаштарыбыздын мекенчилдик сезимдерин ойготту,андан ары “тарых жана маданият” жылына карата даярдалган видеокөргөзмө көрсөтүлдү.Бул видеокөргөзмөдөн студенттерибиз тарыхыбыз жана маданиятыбыз жөнүндө кеңири маалымат алышты. Ошондой эле англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти Калмаматова Замира жана доцент Исмаилова Райкан эжекелерибиздин Кыргыз АССРинин түзүлгөндүгүнүн 90 жылдыгы жана Кыргыз ССРинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгы тууралуу презентациялары тарбиялык кечебиздин эң мазмундуусу, кызыктуусу болуп көркүн ачты. Чындыгында чет тилдер факультетинде таланттуу , билимдүү студенттер окуп жаткандыгына жалпы катышуучулар дагы бир ирет ынандык.Студенттердин Улуу үркүндөн сахналык көрүнүш көрсөткөнү улуу боштондук үчүн болгон күрөштүн элестерин берди. Ал эми улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун кыргыз элинин сабаттуулугун жойуу аракеттери көрсөтүлгөн “Биринчи мугалим” чыгармасы да студенттер тарабынан сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле таланттуу студенттер тарабынан даярдалган улуттук бийлер,комуз күүлөрү,көркөм окуулар,жандуу ырлар студенттер тарабынан айтылган макал-лакаптар,накыл сөздөр, улуу “Манас”эпосунан үзүндү жаштарыбыздын улуттук аң-сезимин ойготту жана ушуларды терең үйрөнгөндө гана жаштар акылга каныгат, өнүгүп-өсөт. “Адамдын келбети,кийими гана сулуу болбостон,анын ички дүйнөсү,ойлору да сулуу болуш керек”-деп орус жазуучусу А.П.Чехов айткандай,маанияттуу жана элеганттуу көрүнүүдө кийимден башка адамдын баскан турганы,ички дүйнөсү,өзүн эл адында кармоо,сүйлөө манерасы,улууга урмат,кичүүнү ызаттоо ж.б.адеби,ыйманы,маданияты чоң мааниге ээ.Ошондуктан студенттер факультетте,сырткы чөйрөдө жана башка чөйрөлөрдө кандай кийинүү жана өзүн алып жүрүү керек экендигин сахналык көрүнүш менен жана слайд шоу менен көрсөтүшүп беришти жана бул кече жаштарды бардык жактан маданияттуу болууга чакырды. Тарбиялык саатыбыз кызыктуу,пайдалуу,мазмундуу болуп өтүп,өз максаттарын ишке ашырды.