Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучулары Р. Исмаилова, Г. Эргешова, Г. Каратаева, А.Тажибаева шаардын №52 орто мектебинин 10-11 класстарынын окуучулары менен жолугушууну уюштурушту.

2014-03-17 15:54:11 234

2014-жылдын 14-март куну кесипке багыттоо иштерин жүргүзүү максатында Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын окутуучулары Р. Исмаилова, Г. Эргешова, Г. Каратаева, А.Тажибаева шаардын №52 орто мектебинин 10-11 класстарынын окуучулары менен жолугушууну уюштурушту. Жолугушууну уюштурууда мектеп администрациясы тарабынан толук шарттар түзүлүп берилди. Мектеп бүтүрүүчүлөрүнө Ош мамлекеттик университети жөнүндө маалымат кеңири жеткирилди. Ошону менен бирге уюштуруучулар чет тилдер факультети жөнүндө да информация беришти. Бул иш чаранын журушундо факультеттин 3-5 курстун студенттери да активдуу катышып, окучуулар менен факультеттеги билим алуу жана студенттик жашоо жөнүндө ой бөлүшүштү. Жолугушуунун аягында мектеп окуучулары кызыктырган суроолоруна уюштуручулардан жооп алышты.