Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде «Мугалимдердин профессионалдык билимин өркүндөтүү 2014» аттуу семинар Америка элчилиги тарабынан уюштурулуп аны AКШ дан келген англис тилинин улук адиси Жесси Кайнд

2014-03-17 15:57:02 247

Ош мамлекеттик университетинин чет тилдер факультетинде «Мугалимдердин профессионалдык билимин өркүндөтүү 2014» аттуу семинар Америка элчилиги тарабынан уюштурулуп аны AКШ дан келген англис тилинин улук адиси Жесси Кайндл тарабынан алып барылууда. Жалпысынан семинар 5-6 жумага созулуп, жумасына бир жолу эки сааттан өткөрүлөт. Англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын төмөндөгү окутуучулары: ( А.Акматова, Э.Ахмедова, А.Жороева,Р.Исмаилова, Б.Тургунбаева, Д.Мурзубраимова, Ч.Жээнбекова, К. Сатыбаева, А.Турдубекова, Г.Каратаева, А.Тажибаева) бул семинарга катышууда. Семинар 4 бөлүмдөн турат: Үйрөнүүчүлөр жана үйрөнүү, окутуу ыкмалары ,окутуу усулдары жана башка кошумча темаларды камтыйт. Семинардын максаты : түрдүү ыкмалар аркылуу үйрөтүүнү жакшыртуу жана окутуучулар үйрөнгөн түрдүү тажрыйбаларды семинар мезгилинде талкуулоо жана аны өзүлөрүнүн практикалык сабактарында колдонуу.