Илим жумалыгы Чет тилдер факультетинде

2016-04-18 16:40:04 236

Илим жумалыгы Чет тилдер факультетинде 2016-жылдын 18-апрелинде Чет тилдер факультетинде Тарых жана маданият жылына арналган “Лингвистиканын жана лингводидактиканын актуалдуу маселелери” аттуу илимий- практикалык конференциясы болуп өттү. Бул илимий-практикалык конференция факультетте салтка айланган кезектеги “Илим жумалыгынын” алкагында уюштурулган. “Илим жумалыгын” өткөрүүнүн негизги максаты: Билим берүүнү модернизациялоо жана окумуштуулардын кызматташтыгын чындоону стратегиялык түрдө өнүктүрүүгө байланышкан проблемаларды талкуулоо болуп эсептелет. Пленардык жыйынга ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору – биология илимдеринин доктору, профессор Жумабаева Таасилкан Токтомаматовна катышып, факультеттин профессордук-окутуучулук курамын жана студенттерин билим майрамы менен куттуктады. Пленардык жыйында факультеттин илимий иштеринин тарыхы боюнча жана окутуучулардын диссертациялык илимий иштеринин негизинде жасалган докладдар болду: 1. «ЧТФда илимдин өнүгүү тарыхынан” филология илимдеринин кандидаты, доцент Калыгулова С.Ш. 2. «Грамматическая категория предикативности английского и кыргызского языков» англис тилинин стилистикасы жана лексикологиясы кафедрасынын улук окутуучусу Рахимбаева Г.А. 3. «Англис тили ааламдашуу шартында» англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын доценти Ысмаилова Р.А. 4. “Английские придаточные обстоятельственные предложения и их функциональные соответствия в кыргызском языке” америка жана котормо таануу кафедрасынын улук окутуучусу Сагындыкова Р.Ж. Пленардык жыйындан сон 6 илимий багыттардагы секцияларда окутуучулар илимий докладдары менен конференциянын ишин ийгиликтүү улашты.