Илим - өнүгүүнүн булагы

2016-04-21 15:14:06 260

Чет тилдер факультети 2016-жылдын 20–апрелинде Тарых жана маданият жылына арналган “Илим жумалыгынын” алкагында “Илим - өнүгүүнүн булагы” аттуу жаш илимпоздордун жана студенттердин илимий-практикалык конференциясын уюштурду. Пленардык жыйында мамлекеттик тил, чет тили, тарых жана маданият маселелерине арналган мазмундуу докладдар болуп, конференциянын катышуучуларынын кызуу талкуусуна алынды. Төмөнкүдөй илимий багыттардагы секциялык отурумдарда ОшМСУдан жана ОшМУнун бир катар факультеттеринен келген жаш илимпоздор жана студенттер өздөрүнүн илимий докладдары менен чыгышып конференциянын иши уланды: 1. Мамлекеттик тил, тарых, маданият жана дин маселелери 2. Чет тилдерин үйрөнүү жана эл аралык байланыштар маселелери 3. Өнүгүүдөгү социалдык-экономикалык, укуктук жана саясий көйгөйлөр 4. Табигый-техникалык илимдериндеги маселелер