«Жашасын тынчтык»

2016-05-12 13:30:04 241

8-май 2016ж. Жашасын тынчтык аталышындагы Улуу Жеңиштин 71-жылдыгына карата, чет тилдер факультетинин 1-курсунун студенттеринин катышуусунда иш-чара болуп өттү. Иш-чаранын жүрүшүндө 1-курстун студенттери согушта курман болгондордун эрдиктерин даназалап, аларга таазим иретинде өздөрүнүн таланттарын тартуулашып, согуш мезгилиндеги кыйынчылык кырдаалдарды чагылдырган патриоттук темадагы ар түрдүү ырларды ырдашып, сахналык көрүнүштөрдү көргөзүштү. Бул иш-чарага англис тилинин фонетикасы жана грамматикасы кафедрасынын жамааты жана негизинен жаш окутуучу Азамжан уулу Байыш жана Урмат агайлар жооптуу болушту.