Ийгиликтин башаты

2016-10-04 16:21:57 245

Ийгиликтин башаты Чет тилдер факультетинин англис тилинин лексикологиясы жана стилистикасы кафедрасында мактанаарлык ийгилик жаралды. Кафедранын төрт окутуучусу университетибизде жаңы ачылган магистратураны ийгиликтүү аяктап, “Филологиялык билим берүү” жана “Лингвистика” адистиктери боюнча магистр даражасына ээ болушту. “Саргая жортсоң, кызара бөртөсүң” деген сыяктуу бул төрт кесиптешибиз илимий - педагогикалык жумуш менен магистратурада окууну айкалыштырып дал ушундай ийгиликке жетишип олтурушат. Бул алдыга умтулуунун, билим чокусуна карай илгерилөөнүн түйшктүү кадамдарынын натыйжасы. Магистрлик даражага ээ болгон кесиптештерибиз – улук окутуучулар Сулайманова Гүлнурду, Эргешова Нурзаданы, окутуучулар Исмаилова Алтынайды, Нишанов Чубакты жетишкен ийгиликтери менен куттуктайбыз жана келечектеги илимий – педагогикалык чыгармачылык иштеринин үзрлүү болушун чын дилден каалайбыз! Кафедра жамааты