“ Англис тилинин теориясы “

2016-10-04 16:56:52 287

Чет тилдер факультетинин студенттери үчүн өтө пайдалуу жогоркудай аталыштагы окуу китеби жарык көрдүү. Китептин автору англис тилинин лексикологиясы жана стилистикасы кафедрасынын башчысы, профессор Арап Анарбаев жана роман - герман филологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Шукри Вазирович Мараш – Оглы факультеттин жогорку курстарында өздөрүү көп жылдардан бери окуган лекциялык курстарын атайын окуу куралы катарында басып чыгарган. Китеп төрт бөлүктөн - фонология, теориялык грамматика, лексикология жана стилистика деген теориялык курстардан турат. Атайын окуу китеби Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылып, колдоого алынган жана басмага сунуш кылынган. Кол жазмага сын пикирлерин филология илимдеринин кандидаттары, доценттер Калыгулова С.Ш. жана Б.И. Исмаилова жазган. Жаңы китеп чет тилдер факультетинин бакалавриат жана магистратура бөлүмдөрүнүн студенттери, жалпы эле англис тилин үйрөнүүгө кызыккан дилгир адамдар үчүн маанилүү жана пайдалуу курал болуп эсептелет.